Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

АКШда президенттикке талапкер тандоодо Хейли Трампка атаандаш болот


Хейли жана Трамп. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Хейли жана Трамп. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Түштүк Каролина штатынын экс-губернатору жана АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Никки Хейли келерки жылдын ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтөрүн расмий түрдө жарыялады.

Хейлинин шайлоо алдындагы биринчи жолугушуусу Түштүк Каролина штатынын Чарлстон шаарында өттү. Ал АКШда бийликке саясатчылардын жаңы мууну келиши керектигин белгиледи.

51 жаштагы Хейли Республикалык партиядан президенттикке көрсөтүлгөн экинчи саясатчы болуп калды. Ага чейин партиянын атынан экс-президент Дональд Трамп да өзүн көрсөтүп, шайлоо өнөктүгүн былтыр күзүндө баштаган.

Хейли буга чейин Трампка каршы чыкпай турганын билдирип, кийинчерээк оюнан кайткан. Трамп президент болуп турганда Хейли АКШнын БУУдагы элчиси болгон жана алардын ортосунда жакшы мамиле сакталып калган.

Алдын ала сурамжылоолорго караганда, учурда Хейлини республикачылардын 4%, Трампты 43% колдойт. Ал эми 31% шайлоочулар Флорида штатынын губернатору Рона Десантисти колдогусу келет. Бирок ал президенттик шайлоого катышарын айткан эмес.

АКШнын азыркы президенти, демократ Жо Байден президенттикке талапкерлигин расмий түрдө көрсөтө элек. Ак үйдүн өкүлдөрү Байдендин 2024-жылдагы шайлоого катышуу ниети бар экенин бир нече жолу билдиришкен. Байден 2024-жылы 81 жашка, ал эми Трамп 77 жашка чыгат.

XS
SM
MD
LG