Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Новосибирскидеги жарылуудан эки кыргызстандык жараат алды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Новосибирск шаарындагы турак үйдөгү жарылууда эки кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын бири - 30 жаштагы жигит газга ууланса, 45 жаштагы аялдын омурткасы сынып, экөө тең ооруканага жеткирилген. Алар жарылуу болгон үйдөгү батирлердин биринде жашаган.

Баштапкы маалыматка ылайык, турак жайдагы жарылуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулу ооруканадагылардан кабар алып, медициналык жардам көрсөтүү боюнча дарыгерлер менен да сүйлөштү.

8-февралда эрте менен Новосибирск шаарындагы беш кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, өрт чыккан. “Свобода” радиосу 12 киши каза болгонун, анын бири эки жашар наристе экенин жазды. Үч адам урандылардын астында калганы айтылууда.

"Сибирь.Реалии" басылмасы Тергөө комитетине таянып кабарлагандай, бул окуядан улам Омск облусунун эки тургуну - "Межрегионгаз Сервис" ишканасынын өкүлдөрү кармалды. Алар коопсуздукка жооп бербеген кызмат көрсөткөн деп айыпталууда.

Жарылуу болгон беш кабаттуу үй 1974-жылы курулган. Кырсыктан улам 117 киши катталган турак жайдагы 30 батир жабыркаган. (TAb)

XS
SM
MD
LG