Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт


Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашты.
Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашты.

Жогорку Кеңештеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун Кыргызстандын Түркияга ыктыярчылар тобун жөнөтүү сунушуна жооп берди. Ал 9-февралдагы жыйында жер титирөө болгон аймакка атайын даярдыктан өткөн адистер гана бара аларын айтып, ушул жемшембиде дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөрүн айтты.

"Түркиядагы куткаруу иштерине аттестациядан өткөн гана куткаруучулар катыша алат. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 67 куткаруучусу боордош Түркияда үч күндөн бери иштеп жатат. Ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө".

Буга чейин Кыргызстандан барган куткаруучулар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашканын 9-февралда эртең менен Би-Би-Си кабарлады. Алардын 12,5 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандар 63 миңдин тегерегинде болууда, куткаруу иштери уланып жатат.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды.

XS
SM
MD
LG