Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:09

Бишкекте кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттү


Бишкек. 2023-жылдын 9-февралы.
Бишкек. 2023-жылдын 9-февралы.

Бүгүн 9-февралда Бишкекте кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, 3-9-февраль күндөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумуш топторунун жана топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу болду.

"Достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганы" маалымдалды.

Жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG