Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Пригожин Орусияда абактагыларды согушка тартуу токтотулганын айтты


Евгений Пригожин
Евгений Пригожин

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскердик компаниянын жетекчиси Евгений Пригожин абактагыларды Украинадагы согушка тартуу токтотулганын айтты. Ал ошол эле учурда мурда жалдангандар өз милдетин аткарып жатканын белгиледи. Бул тууралуу 9-февралда "Вагнердин" басма сөз кызматы маалымдады.

Орусиялык Live24 басылмасынын журналисттери Пригожинге "бир айдан ашуун убакыттан бери түрмөлөрдөн жалданмалар согушка алынбай калды" деген айың кептин чын-төгүнүн билүү үчүн кайрылышкан.

2022-жылдын жазынан тарта "Вагнер" Орусиянын колонияларындагы кесилгендерди жалдап, Украинадагы согушка кетирип жатканы маалым болгон. Бул үчүн абактагыларга ырайым берүү же жазасын жеңилдетүү убада кылынган.

Орус түрмөлөрүнөн согушка канча адам тартылганы так белгисиз. Федералдык жаза аткаруу кызматы былтыр абактагылардын саны дээрлик 30 миң адамга азайганын билдирген.

Ал арада "Вагнер" колониядагыларды согушка тартуунун экинчи айлампасын баштаганын, бирок каалоочулар өтө аз экенин "Медиазона" басылмасы жарыялады.

Буга чейин басылма согушта өлгөн 567 "вагнерчинин" аты-жөнүн тактаган. Журналисттер иш жүзүндө өлгөндөр мындан эселеп көп болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Орусиянын абактарынан Украинадагы согушка жалданган бир нече борборазиялык мигрант кан күйгөн кармашта каза тапканы ырасталган.

XS
SM
MD
LG