Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:33

DW: Украиналык ырчылар Анна Нетребко чакырылган концерттен баш тартты


Анна Нетребко
Анна Нетребко

Украинанын музыканттары Германиянын Висбаден шаарында май айында өтө турган эл аралык фестивалга катышуудан баш тартууда. Алар фестивалга чакырылган орусиялык опера ырчысы Анна Нетребко менен бир сахнага чыгууну туура көрбөйт. Украинанын маданият министрлиги фестивалга "же украиналык артисттер, же Нетребко катышсын" деп талап койду.

Deutsche Welle билдиргендей, Висбадендеги фестивалдын уюштуруу комитетине Украинанын Улуттук операсынын башкы директору Петр Чупринадан жана Украинанын маданият министри Александр Ткаченкодон кат келди. Ушундай эле кат Германиянын маданият министри Клаудия Роттун атына да жиберилген.

Фестиваль өтө турган Гессен мамлекеттик театрынын жетекчилиги мындай суроонун жаралышы эркин өлкөдө "келишкис" деп сыпаттайт. Театр өз билдирүүсүндө Украинаны колдой турганын, бирок бул жалпы орус маданиятын айыптоону жана орусиялык өнөр адамдарын теги боюнча эле концерттерден четтетүүнү туюнтпай турганын белгилейт. Германиянын маданият министри Клаудия Рот Киевдин позициясын түшүнөрүн айтып, украин музыканттарына өз алдынча чечим кабыл алууну сунуштады.

Дүйнөгө таанымал опера ырчысы Анна Нетребко азыр Венадагы опералык театрдын башкы солисти. Киевдин "кара тизмесине" кирген ырчы Австриянын да жараны. Фестивалга байланыштуу жагдайга комментарий бере элек.

Ал 2012-жылы Орусиядагы шайлоодо Владимир Путиндин ишенимдүү адамы болгон. 2014-жылы Донбасстагы жикчилдерди колдогон.

Былтыр Орусия Украинага басып киргенден кийин Нетребко согушту айыптай турганын, бирок Орусиянын жана орус маданиятынын патриоту бойдон каларын билдирген. Ага удаа эле Нью-Йорктогу Metropolitan Opera ырчы менен келишимин токтоткон. Батыштын бир катар шаарларында концерттери өтпөй калса, айрым жерлерде нааразылык акциялары менен коштолгон. Нетребконун согушка каршы сөздөрүнөн кийин Орусияда да анын концерттери өтпөй калган.

XS
SM
MD
LG