Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

19:57 11.2.2023

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган адамды табышты

Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы жер титирөөдөн кийинки алтынчы күнү кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү калган адамды таап чыкты.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-февралда Кахраманмараш шаарынын 12-февраль (Он ики шубат) районунда уранды алдында аман калган 16 жаштагы жигитти алып чыгышканын кабарлады. Ал кыйраган имараттын 5- кабатында жашаган.

Түркиялык "Хүрриет" басылмасы кыргызстандык, орусиялык жана жергиликтүү куткаруучулар кулаган үйдөн 17 жаштагы Камил аттуу жигитти таап чыкканын жазды.

Анын ден соолугу туруктуу экени, денесинен оор жараат албаганы кабарланды.

CNNTürk телеканалы куткаруучулардын зилзаладан 119 сааттан кийин тирүү калган жигитти чыгарышканын түз эфирде чагылдырып турду.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул видеону Фейсбук баракчасына жарыялады.


Телеканалдын кабарчысы Фулия Өзтүрк зилзаладан кийинки абалды түз эфирде баяндап жатып, "Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген куткаруучулар буга чейин бири-бирин тааныбаса да, мындай апаатта адамдарды биргелешип куткарып жатат", - деп сүрөттөдү.

11-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атап, зилзала катталган аймактарда 140 миңден ашык жергиликтүү жана чет өлкөлүк куткаруучулар иштеп атканын билдирген.

"94 өлкөдөн куткаруучулар тобу келип жатат. Кыйроолор чоң аймактарга таасир эткендиктен, учурда 141 миңден ашуун издөө-куткаруу топтору иштеп атат, анын ичинде болжол менен 30 миңге жакыны атайын даярдыктан өткөн. Ал аймактарга куткаруучу топторду алып барганыбыз менен, тилекке каршы, биз каалаган ылдамдыкка жете албаганыбыз чындык".

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн. 12-февралда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гуманитардык жардам берилерин маалымдаган.

11-февралда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөрүн, топто нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистер болорун билдирди. Алар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараш шаарындагы мобилдик госпиталында иштейт. Керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам дагы жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары да эки күндүк маянасын Түркиядагы зилзаланын кесепеттерин жоюу үчүн которо турганы 9-февралда кабарланган. Андан тышкары Финансы министрлиги ачкан атайын эсепке 10-февралдагы маалымат боюнча 4 миллион 687 миң сом чогулду. Мындан башка Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана кайрымдуулук фонддору акчалай жана ар кандай керектүү каражаттарды топтоп жатат.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, ага коңшу Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн келин уранды алдында калганы 9-февралда маалымдалган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-февралда маалымат расмий тастыктала электигин билдирди.

10-февралда Түркиянын Газиантеп шаарынан 22 кыргызстандык Астана аркылуу Бишкекке алып келинди. Ага чейин 9-февралда Ташкент аба майданы аркылуу алты, 8-февралда Астана аэропорту аркылуу 17 кыргызстандык эвакуацияланган.

Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

22:53 11.2.2023

Кыргызстандын бир жараны уранды алдында каза болгонун Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараныбыз каза болгондугу тууралуу маалымат, бүгүн ырасталганын терең өкүнүч жана кайгыруу менен билдирем. Маркумдун тек-жайы жакындары тарабынан такталды. Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул убакка чейин кыйраган көп кабаттуу үйдүн урандыларын жоюу иштери жүрүп жаткан Хатай шаарында болушту. Бардык керектүү документтер түзүлүп, мекендешибиздин сөөгү жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт", - деди Казакбаев.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аялдын сөөгүн уранды алдынан 11-февралда алып чыгышканын билдирди.

Буга чейин 10-февралда "Азаттык" аталган провинцияда иштеп жүргөн 37 жаштагы кыргызстандык келин уранды алдында калганын кабарлаган. Ага улай Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болду" деген маалыматты тастыктабай турганын билдирген.

6-февралда болгон катуу зилзаладан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарындагы кыргыз жарандары үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстандын Стамбулдагы жана Анталиядагы башкы консулдуктарынын кызматкерлери Хатай шаарындагы байланышка чыкпай жаткан кыргыз жарандарын издөө иштерин жүргүзүп келет.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта дүйшөмбү күнү болгон жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны 20 миңден ашты. Алардын 22 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-февралда кечке жуук кабарлады. Маркумдардын 37% дал ушул Хатай аймагынын тургундары. Түрк бийлиги он миңдеген адам жараат алганын билдирүүдө. (ElB)

09:51 12.2.2023

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар 7 жаштагы Алиайчичек баланы уранды алдынан аман таап чыканын билдирди.

"Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди",- деп жазылган маалыматта.

Анын алдында, 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 11-февралда Түркияга дарыгерлер тобу жөнөтүлөрүн кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараштагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын кабарлаган.

09:51 12.2.2023

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ишембиде, 11-февралда кечинде катуу жер титирөөдөн мүрт кеткендердин саны 24 617 адам болгонун билдирди. AFP маалымат агенттигинин кабарлашынча, Сирияда азырынча 3553 миң кишин сөөгү табылды жана бул өлкөдө абал оор. Эки өлкөдө курмандыктардын жалпы саны 28 миңден ашты.

Түркияда Германия менен Австралиядан келген куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтоткону кабарланды.

Түрк бийликтери кагылышуулар жана атышуулар тууралуу билдире элек, бирок президент Режеп Тайып Эрдоган ишембиде жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда талап-тоноо, морадерчулук фактылары бар экенин ырастап, буга байланыштуу чара көрүлөрүн эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG