Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

13:12 12.2.2023

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти Түркиядагы кыргыз жарандарына байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, акыркы алты күндүн ичинде 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталья жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды. Бул иштер уланып жатат.

“Кырсык болгон аймактардагы кыргызстандыктарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Кайрылуулардын негизинде Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1600гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Түркияда уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев анын сөөгүн жөнөтүүгө кабылга көрүлүп жатканын билдирген.

13:13 12.2.2023

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирди. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Кыргыз бийлиги 12-февралда Түркияга дагы 100 куткаруучу, эки учак менен гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, арасында 100 боз үй болорун билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар минисрлиги жардам 12-февралда жөнөтүп-жөнөтүлбөсүн азырынча ырастай элек.

15:24 12.2.2023

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 6-февралда Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөдөн жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди. Зилзалада эки өлкөдө тең ондогон оорукана талкаланды. Апаатта набыт болгондордун саны 28 миңден ашканы жекшембиде кабарланды.

Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо уюму кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. ДССУ 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой киши ушул тапта табыгый кырсыктан жабыркаганын билдирди.

16:36 12.2.2023

Армян-түрк чек арасы 35 жылдан бери биринчи жолу гуманитардык кербенге ачылды

35 жылдан бери жабык турган Армения менен Түркиянын чек арасы зилзаладан жабыркаган Түркиянын түштүк аймагына гумантардык жүк жеткирүү үчүн ишембиде ачылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. 100 тонна тамак-аш, дары-дармек, суу жана башка эң зарыл нерселерди жүктөгөн машинелер Түркиянын Адыяман шаарына сапар алды.

Соңку жолу армян-түрк чек арасы 1988-жылы Армениянын Спитак шаары жер титирөөдө талкаланып калганда ачылып, Түркиядан гуманитардык кербен жүк тартып кирген.

Бир нече күн мурун Армениядан 27 куткаруучу Түркияга учуп кеткен.

Ереван менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Анкаранын чабарманы Сердар Кылыч армян парламентинин вице-спикери Руден Рубинянга жана тышкы иштер мекемесине ыраазычылык билдирди.

Кылыч Твиттерге: "Зилзаладан жабыркаган аймактагы биздин элдин башына түшкөн кайгыны жеңилдетүү үчүн армян калкынын кең пейилдик менен берген жардамын эстен чыгарбайм", - деп жазды.

Анкара менен Ереван ортосунда дипломатиялык алака жок, эки өлкөнүн чек арасы жабык. Эки өлкөнүн алкасындагы мындай чыңалуу тарыхый себептерге жана Тоолуу Карабак маселесине барып такалат. Армения 1915-жылдагы армян кыргынын геноцид деп атаса, түрк тарап муну кескин түрдө четке кагып жүрөт.

Соңку маалда Түркия менен Армения узактан бери чыңалып турган мамилесин оңдоого кадам таштаганы белгилүү болду. Ушу тапта эки өлкөнүн атайын чабармандары иш алып барат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG