Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

09:43 11.2.2023

Түркия: Кыйраган үйдү курган компаниянын ээси кармалды

Стамбулда 6-февралда зилзалада кыйраган үйлөрдү курган компаниянын ээси Мехмет Яшар Жошкун чет өлкөгө чыгуу аракети учурунда кармалды.

"Анадолу агенттигинин" маалыматында, Жошкун ири өлчөмдө акча менен Монтенегрого кетип баратканы, Стамбул шаарынын Башкы прокуратурасы аны сурака алганы айтылат.

Мехмет Яшар Жошкундун компаниясы 2012-жылы Хатайдын Антакия шаарында 12 кабаттуу, 250 батири бар Rönesans Rezidans аттуу үйлөрдү курган. Имарат 6-февралдагы зилзалада толук кулап калган.

Зилзаладан кийин "Rönesans Rezidans. Антакия шаары. Хатай провинциясы. 7-февраль.
Зилзаладан кийин "Rönesans Rezidans. Антакия шаары. Хатай провинциясы. 7-февраль.

Ал күнү соцтармактарда "кыйраган үйдө кеминде миң киши жашай турганы, алардын үнү угулуп жатканы, куткаруучулар керек" сыяктуу маалыматтар тараган. Андан бери куткаруучулар ондогон кишини алып чыккан. Учурда бул үйдүн астында калгандарды издөө куткаруу иштери уланууда.

9-февралда Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг жер титирөөдөн кийин кыйраган имараттарга байланыштуу тыкыр иликтөө жүргүзүлө турганын эскертти.

"Жер титирөөдөн кийин шалаакылыгы, катачылыгы барлар жана кыйроого себеп болгондор аныкталып, сот алдында жооп берет",- деди түрк аткаминер.

Түркиялык адвокат Эмрах Алтуноглу алгачкылардан болуп жер титирөөдө кыйраган имараттардын куруучуларын жана курулушка уруксат берген кызматкерлердин жана курулуш иштерин аткарган жумушчулардын үстүнөн Хатай Башкы прокуратурасына арыз жазды. Адвокат жооптуулардын "адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолушун талап кылды.

"2023-жылдын 6-февралында болгон кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жана жараат алгандардын ичинен биз аныктаган жана аныктала турган адамдардын бардыгы кылмышка кирептер кишилер. Бул кырсык шалаакылыктын натыйжасында болгону ачык эле көрүнүп турат. Айрым имараттар тикесинен тик турат бирок анын жанындагы үйлөр кулап, миңдеген адам каза болуп, жараат алып же уранды астында калууда. Бул толугу менен ошол чириген имараттарды кургандардын, курууга уруксат бергендердин, аларга көңүл буруп, текшербегендердин жоопкерчилиги" деди Алтуноглу "Жумхурийет" басылмасына курган маегинде.

Президент Режеп Тайып Эрдоган зилзаладан жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү иштери жетишсиз болгонун моюнга алды. Ал 7-февралда апаат болгон аймактарды кыдырып жүргөндө кырдаал көзөмөлдө экенин "эч ким башпаанексиз калбасын", бир жыл ичинде көп кабаттуу үйлөр жаңыдан куруларын билдирди.

Деген менен күчү 7,8 баллга жеткен зилзалага көп кабат үйлөр туруштук бере албай, миңдеген жаран жараат алганы Түркияда кызуу талкууга түштү. Адистер буга чейин Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирерин айтып келишкен.

Сейсмологдор эми айрыкча Стамбул шаары аркылуу геологиялык жарака өтөрүн, мунун алдын алуу үчүн салынып аткан имараттар талаптарга жооп бериши керек экенин эскертүүдө.

Алсак, былтыр Стамбул мэриясы 16 миллион калкы бар метрополитенде ар төрт имараттын бирөө жер титирөөгө туруксуз экенин ачыктаган.

Зилзалада мүрт кеткендердин дээрлик үчтөн бири Түркиянын Хатай провинциясында катталган. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды. 6,5 миңге жакын имарат талкаланды.

10:59 11.2.2023

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жер титирөөнүн алтынчы күнүндө кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү калган адамды таап чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, толугураак маалымат кийин берилерин белгиледи.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

12:59 11.2.2023
Сирия: ыктыярчылар куткарган кыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

15:18 11.2.2023

Кыргызстан катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараш шаарындагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG