Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:30
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

18:01 9.2.2023
Түркияга колун сунган кыргызстандыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:53 0:00

02:24 10.2.2023

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 19 700гө жеткенин 9-февралда кечке жуук BBC кабарлады. Алардын 16 миңден көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди. Жараат алгандар 60 миңден ашат. Бир катар мамлекеттердин көмөгү менен куткаруу иштери төртүнчү күнү уланып жатат.

10:41 10.2.2023

Түркия менен Сирияда катуу зилзаланын айынан набыт кеткендердин саны 20 миңден ашты. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бейшемби күнү кечинде 17134 киши мерт болгонун ырастады. Сирияда апаатта бери дегенде 3162 адамдын өмүрү кыйылды. Миңдеген адам жараат алып, там-ташынан айрылды.

10:41 10.2.2023

Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык келин каза болгону тууралуу маалымат 10-февралдын күндүзгү саат 12сине карата расмий тастыктала электигин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта ал келин жашаган аймакта куткаруу иштери уланып жатат, аны менен байланыш жок болууда, Антальядагы Башкы консулдуктун жетекчилиги жана кызматкерлери азыр ошол жерде жүрүшөт.

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны каза тапканы, хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганы 9-февралда маалымдалган.

Түркияда жана Сирияда дүйшөмбү күнү болгон удаалаш жер титирөөлөрдөн набыт кеткендер 20 миңден ашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG