Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

12:52 10.2.2023

Бүгүн, 10-февралда Түркиянын Газиантеп шаарынан 22 кыргызстандык Бишкекке алып келинди.

Алар алгач Казакстандын Астана шаарына учуп келген. Аларды элчиликтин жана диаспоранын өкүлдөрү тосуп алган. Андан кийин автоунаа менен Кыргызстанга жеткирилген. Эвакуациялангандарды чек арадан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.

Буга чейин 8-февралда Астана аэропорту аркылуу Кыргызстандын 17 жараны эвакуацияланган.

14:26 10.2.2023

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында апта башындагы зилзалада Кыргызстандын бир жараны уранды алдында калганы кабарланды. Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн алдында болушу мүмкүн экенин 9-февралдын кечинде Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болушу ыктымал экенин консулдукка иш берүүчү үй-бүлө айтып берген.

Аны улай жума күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий маалымат таратып, 10-февраль 12:00гө карата "Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болду" деген маалыматты азырынча тастыктабай турганын билдирди.

"Учурда мекендештин жашаган жеринде куткаруу иштери жүрүп жатат. Азырынча аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Окуя болгон жерде Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун жетекчиси жана кызматкерлери иштеп жатат" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда Хатай шаарында иштеп жүргөн М.Б. аттуу кыргыз жараны апаат болгон түндөн бери байланышка чыкпай жатканы тууралуу кабарлар тараган.

14:54 10.2.2023

Түркиядагы мекендештер жер титирөөдөн жабыркаган аймактага гуманитардык жардам жөнөткөнүн Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

"Кыргызстан Достук жана Маданият" коому Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам: жылуу кийим, азык-түлүк, күнүмдүк колдонуучу буюмдарды Стамбул шаардык мэриясынын социалдык кызматтар башкармалыгынын гуманитардык жардам чогултуу пунктуна тапшырганын билдиребиз", - деп жазылган консулдуктун Фейсбук баракчасында.

Анталияда жашап, иштеген кыргызстандык активисттерден Рысгүл Кадырова зилзала катталган аймактарга жылуу кийим, дары-дармек, азык-түлүк жана акчалай жардам жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ван облусундагы Улуу-Памир айылында байыр алган этникалык кыргыздардын өкүлү Памир Ватан түрк бийлиги ачкан атайын эсепке 100 миң лира которгонун "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатканын билдирген.

15:08 10.2.2023

Кыргызстандын борбордук мечитинде бүгүн 10-февралдагы жума намазда Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор эскерилип, куран окулду.

Жума намазга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги катышты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда жердин титиреши 11 аймакта катталды. Каза болгондор 10-февралга карата 20 миңден ашты.

Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар.

Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны уранды алдында калганы кабарланууда, бирок өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты расмий тастыктай элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG