Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

13:36 8.2.2023

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 6434гө жеткенин, дагы 37 миңден көп адам жараат алганын билдирди. Октай учурда 16 миңдей куткаруучу иштеп жатканын, чет өлкөлөрдөн дагы жардамга келишкенин билдирди.

Reuters менен CNN Сириянын бийликтерине шилтеме кылып, бул мамлекетте 1832 киши көз жуумганын, төрт миңдей тургун жабыркагынын жазды. Сирияда миңдеген турак жай кыйрады. Жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.

Ушуну менен эки мамлекетте набыт кеткендердин саны сегиз миңден ашты.

15:31 8.2.2023

Түркияда зилзалада өлгөндөрдүн саны 7100дөн ашты, жарадарлар 40 миңден көп. Сирияда 2470 киши набыт болгонун, 4 миңдейи жараат алганын Reuters жана башка эл аралык медиалар жазышты. Акыркы маалыматтарга ылайык, эки өлкөнү кошкондо кырсыкта көз жумгандар 9 миңден ашты.

17:18 8.2.2023

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор арасында 8-февраль, саат 12ге карата кыргыз жарандары катталбаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Түркиядагы элчилик Анталья жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктар менен бирге кыргызстандыктар каза болгондор жана жабыркагандар арасында бар же жогун тактоо иштерин улантууда.

Жардамга муктаж кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүлүп, Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жактарга сегиз кыргызстандык жеткирилгени, Малатья шаарында тогуз кыргыз жаранына (экөө балдар, бирөө кош бойлуу келин) жардам берилип жатканы маалымдалды.

Байланыш, интернет жана электр жарыгы менен камсыздоодо техникалык көйгөйлөр жаралгандыктан иш оорлоп кеткени белгиленди.

Азыркы тапта, ТИМ билдиргендей, Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатат, Кыргызстандан барган куткаруучулар тобу Кахраманмараш шаарында ишке киришти.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда, соңку маалыматка караганда, мерт болгондор 7 миңден, жарадарлар 40 миңден ашты. Сирияда каза болгондор 2 миңге, жараат алгандар 4 миңге чукулдады.

17:24 8.2.2023

Түркияда зилзалада өлгөндөрдүн саны 8574кө жетип, жарадарлар 49 миңден ашканы такталды. 6,5 миңге жакын имарат талкаланды. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган 8-февралда түшкө маал түз эфирде айтты.

Сирияда 2600дөн көбүрөөк киши набыт болгонун, 4 миңге жакыны жараат алганын бир канча эл аралык медиалар жазышкан. Ошол эле учурда Сириядагы жоготуулар тууралуу так маалыматтарды алуу кыйын болуп жатканы белгиленүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, эки өлкөнү кошкондо кырсыкта өлгөндөр саны 11 миңден ашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG