Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

17:27 8.2.2023

Украина зилзаладан жабыр тарткан Түркияга куткаруучулар тобун жиберди. Токсон куткаруучу, дайынсыз кишилерди табууга адистешкен 10 иттен турган топ шейшембиде жөнөп кеткен.

Президент Владимир Зеленский шейшембиде билдиргендей, украин адистери табигый кырсыктарды жоюуда тиешелүү тажрыйбага ээ экенин билдирди.

Ал арада украин аскерлери Орусия басып алган жерлерди бошотуу үчүн өлкө чыгышында салгылашып жатат.

Түркияга Орусия дагы жардам сунуштаган.

01:13 9.2.2023

Хатайдагы Жазгүл: Оорукана, мечитте сөөктөр жыйылып калды

Түркияда жана Сирияда зилзалада набыт кеткендер 11 миңден ашты, жарадарлар 50 миңден көп. Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында жер силкинүү токтой элек. Мерт кеткендердин 37% дал ушул аймакта катталган.

"Азаттык" Хатайда жашаган Жазгүл Абдыкадырова менен байланышып, ал-ахвалын сурап билди.

-Зилзалада аман калганыбызга шүгүр деп отурабыз. Хатайдын Кырхан деген районунда турчубуз. Үй-жайдын баары жараксыз. Элдин 98% көчөдө калды. Кайненемдин айылда үйү бар, биз ошол жерге келдик. Ал үй да жараксыз. Түнкүсүн балдар менен машинада уктап атабыз. Бензин да ченеп сатылгандыктан 10 литрден эле алабыз.

- Жакын тууган, кошуналардан кабар алдыңызбы?

-72 саат өткөндөн кийин кайнимди урандылардын астынан чыгардык. Мерсин шаарындагы ооруканага жөнөтүштү. Абалы абдан оор. Жакын туугандардан өлгөндөрдүн саны өтө көп. Жалгыз эле биздин Хатайда эмес Түркиянын 10 аймагында өлгөндөрдүн саны улам өсүп жатат. Элдин көчөдө баш калкалай турган жери жок. Аба ырайы суук. Түнкүсү андан суук.

- Гуманитардык жардам же куткаруучулар келдиби?

- Зилзаладан бир жарым күн өткөндөн кийин гана жардам жана куткаруучулар келе баштады. Көрсө Хатайга кирген чоң жолдун баары жарылып кетиптир. Интернет, жарык, суу жок. Интернет болбогондон кийин үнүбүздү угуза алган жокпуз. Бүт эле Кахраманмараш, Адыяман сыяктуу аймактардагы зилзаланын залакасын жаңылыктардан көрсөтүп жатыптыр. Биз каралбай эле калдык.

Үч күн өткөндөн кийин гана ооруканадан келатып жардам алып келген унааларды көрдүк. Кичинекей балдарга куртка, бут кийим, таза суу, жууркан-төшөк алып келишти окшойт. Бирок, албетте, алар да жетишсиз. Элге чатыр, суу жана нан жетпей атат. Эң негизгиси ушул үч нерсе тартыш.

Жазгүл айым, учурда Хатайда абал кандай?

- Дагы эле казыла элек үйлөр толтура. Жакындарын урандылардын астынан чыгарууну күтүп жаткандар бар. Оорукананын, моргдун, мечиттердин ичи сөөккө толуп калды.

Кырсыктан аман-соо качып чыккандардын саны да көп. Кайним сегиз кабат үйдө жашачу. Кечээ казышты, урандылардын астынан 11 киши тирүү чыкты. Шаардын ар кайсы аймактарында казуу уланууда.

Тамак-аш жагы кандай?

- Шаардан келаткан туугандар азык-түлүк таштап кетишти. Кесме, суу май. Ошолорду балдарга бышырып берип атам.

09:34 9.2.2023

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондордун саны 12 миңден ашты. Бул тууралуу Reuters баштаган бир катар маалымат агенттиктер кабарлады. Дагы миңдеген адам жараат алды. Куткаруучулар уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү азайып баратканын айтышууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган зилзаладан жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү иштери жетишсиз болгонун мойнуна алды. Ал шаршембиде, 7-февралда апаат болгон аймактарды кыдырып жүргөндө кырдаал көзөмөлдө экенин "эч ким башпаанексиз калбасын" билдирди. Оппозициялык күчтөр бийликтин кырсыктын алдын алуу, чукул жардам көрсөтүү аракети жетишсиз болгонун айтып сындап чыгышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюму өз фондунан жер титирөөнүн кесепети менен күрөшүп жатканы бул эки өлкөгө 25 миллион доллар бөлүп берди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу катуу жер силкинген. Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштак талкаланды.

10:27 9.2.2023

Түркияда зилзалада мерт болгон, жакындары табылбаган жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөр 24 сааттын ичинде жерге берилет. Бул тууралуу 8-февралда өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) кабарлады.

"Табигый кырсыкка кабылган аймактарда сөөктөрдү сактоодо көйгөйлөр болушу мүмкүн экенин, сөөктөрдүн бузулушу, алардын туугандары же тааныштары же соттук-медициналык экспертизанын ыкмалары менен таанылбай калган сөөктөрдү эске алуу менен, 24 сааттык күтүүдөн кийин, ДНК, бармак изинин үлгүсү жана сүрөтү алынгандан кийин, прокуратуранын жана жарандык административдик органдын чечиминин алкагында диний жөрөлгөлөргө ылайык сөөктөрдү көмүү туура деп бектилди", - деп жазылган агенттиктин расмий сайтындагы билдирүүдө.

Соңку маалыматка караганда, Түркияда мерт болгондор 9 миңден, жарадарлар 50 миңден ашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG