Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:31
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

20:23 7.2.2023

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" учкай маек куруп, зилзала болгон аймактагы кыргыз жарандарынын жагдайы тууралуу маалымат берди.

Казакбаев: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00

22:57 7.2.2023

Түркия: Он аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Түркия менен Сириядагы зилзалада каза болгондор 5 миңге чамалады. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн 10 аймагында өзгөчө кырдаал жарыялады.

7-февралда Эрдоган элге кайрылып, зилзала Түркиянын гана эмес, дүйнө тарыхындагы эң чоң апааттардын бири экенин баса белгиледи.

"Бир гана Түркиянын эмес, бүтүндөй аймактын жана дүйнөнүн эң чоң апаатына туш болдук. Кырсык болгон аймактарга бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн күчү, курамы жана техникасы тартылды. Биринчи этапта жарандарга чукул жардам көрсөтүү үчүн 100 миллиард лира бөлүндү".

Түрк лидер өлкөнүн 10 аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланганын, бул жерде 53 миңден ашык куткаруучу иштеп жатканын, алардын катарында чет өлкөлөрдөн келгендер да бар экенин айтты.

Буга чейин эл аралык медиа НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Андан бери Азербайжан, Орусия, Европа өлкөлөрү, Жапония, Израил, Өзбекстан, Казакстандан жүздөгөн куткаруучу келди.

Кыргызстандан 60тан ашуун куткаруучучудан турган топ кетти. Алар эң көп зыян тарткан Газиантеп шаарына жетти.

Африн. Сирия. 7-февраль.
Африн. Сирия. 7-февраль.

Сирияда 1600дөй киши набыт болуп, дагы миңдеген тургун жабыркаганы кабарланууда. Сириянын SANA агенттигинин маалыматына караганда, Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус аймактарында 812 киши каза болуп, 1,5 миңдей киши оор жараат алган.

Шейшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын жыйын өткөрүп, апаат болгон эки өлкөнүн абалы талкууланды. Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматкери Аделхейд Марчан Түркиянын табыгий кырсыкка туруштук берүүгө дарамети бардыгын, бирок ага коңшу Сирияда абал кооптуу экенин билдирди.

"Жалпысынан 23 миллион адам жабыркады. Анын ичинде бир миллионго жакыны аялуу калк, 350 миңден ашыгы улгайгандар, бир миллиондойу балдар. Түркияда жана Сириянын түндүк-батышында жарандык жана медициналык инфраструктура жабыркады. Аймактарда жол каттамдары үзгүлтүккө учурады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркиянын күчтүү дараметин колдойт, бирок эң негизги муктаждык Сирияда жаралышы мүмкүн".

Учурда Түркияда мамлекеттик мекемелер, муниципалитеттер жана мектептер зилзала болгон аймактарга гуманитардык жардам чогултууда.

Хатай провинциясы. Түркия.
Хатай провинциясы. Түркия.

Ыктыярчылар оболу жылуу кийим-кечек, тамак-аш жана дары дармек керек экенин эскертүүдө.

Шейшембиде Стамбул аэропортунда кыйраган шаарларга жардам берүүгө даяр миңдеген жаран чогулганы социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты. Анткени бул аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, куткаруучулардын ишине тоскоолдук болбошу үчүн сырттан келгендер киргизилбей турганы айтылган.

7-февралда "Анадолу" маалымат агенттиги Түркияда набыт болгондордун саны 3549га жеткенин, дагы 22 миңден ашык адам жараат алганын жазды. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат, мындан улам мерт болгондор дагы көбөйүшү ыктымал.

10:16 8.2.2023

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты. Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды. Алдын ала эсепке ылайык, алты миңден ашуун турак жай, имарат кыйрады, миңдеген адам көчөдө калды. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады. Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирди.

Сирияда миңдеген турак жай кыйрады. Жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.

10:27 8.2.2023

Кыргызстан жөнөткөн куткаруучулар тобу Түркияга жетти. Социалдык тармактарда алар Стамбул аба майданынан жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына учканы жатканы тартылган видеолор тарады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-февралда Түркияга 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн. Алардын арасында эки ит менен кинолог, дарыгерлер жана психологдор бар.

Министрлик Кыргызстандан баргандар тамак-ашы, чатыры жана башка керектүү шаймандары менен кеткенин билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 7-февралда Түркия үчүн атайын эсеп ачылып, акча чогултуу башталганын кабарлаган

Анын алдында Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG