Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:24
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

17:07 7.2.2023

17:09 7.2.2023

Кыргыз бийлиги Түркия үчүн эсеп ачып, каражат чогулта баштады

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга акча чогултуу үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына банк эсептерин, акча которууга байланыштуу төмөнкү маалыматты жарыялады:

Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Султанбаев кандуу кырсыкка байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түз байланышы (112) жана президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору (0312) 662292 иштеп жатканын маалымдап, президенттик администрацияда иштегендер бир күндүк маяналарын Түркияга жардам ирээтинде которгонун билдирди.

Мунун алдында Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун билдирген. Анда үй-жайсыз калгандарга керектүү, суукка ыңгайлуу кийим-кечелер жана чатыр, жууркан-төшөк, керебет өңдүү буюм-тайымдар жаңы болуп, жылтырык баштыктарга салынышы керектиги белгиленген. Андан сырткары көп убакытка сакталчу тамак-аштар дагы кабыл алынары жазылган.

Ошондой эле акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсептерин көрсөткөн.

Буга чейин социалдык тармактарга Түркияда катуу жер титирөөдө жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп жаткан.

18:36 7.2.2023

“Мындайды көргөн эмесмин”. Түркиядагы кыргыз жарандары

by Канымгүл Элкеева

"Азаттык" Түркиянын зилзаладан катуу жапа чеккен шаарларында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар менен байланышууда . Рахат Ташматова бир топ убактан бери Адана шаарында жашайт. Ал жер титиреген учурда сегизинчи кабаттагы үйүндө болгон. Күйөөсү экөө сыртка качып чыкканын айтып берди.

"Аябай коркунучтуу болду. Өзүм 50гө чыгып калдым. Мындайды көргөн эмесмин. Биз бир ордубузда тура албай эшикти араң эле карап турдук. Аябай корктук, чындыгында катуу болду. Мен өзүм ушул жакка турмушка чыккам. Азыр кайын журтумдун үйүнө келдик. Көп кабаттуу үйлөргө кире албай жатабыз. Эки жолу тең катуу болду. Кечээ чындыгында дүкөндөр иштебей турду. Бүгүн анча-мынчасы ачылды. Жолдошум экөөбүз бүгүн үйүбүзгө кирип, документтерди алып чыктык. Араң эле кирип чыктык. Коркуу сезими менен кирип, кара терге түшүп, эптеп паспорт, керектүү буюмдарыбызды алып чыктык. Биз жашаган райондо эч ким калбаптыр, бардык үйлөр бош турат. Жергиликтүү тургундар парктарда жүрүшөт, кечинде төшөгүн алып эле бир кабаттуу имараттарда, спорт залдарда жатышат. Ал жакта оокат-аш берип жатат. Ал жерде биздин дагы эки-үч кызыбыз жатат. Тамак-аш берип жатат дешти", - деди Ташматова.

2 млн. чукул калкы бар Адана шаарында 500дүн тегерегинде кыргызстандык жашайт. Алар бири-бири менен байланышып, жардамга муктаждары коопсуз жайга жайгаштырылып жатат. Османие шаарында иштеген, үйлөрү зилзалада талкаланган бир тууган эже-сиңди Кыргызстандын консулдугунун жардамы менен Анталияга чыгып кетти.

Адана, Түркия. 6-февраль, 2023-жыл.
Адана, Түркия. 6-февраль, 2023-жыл.

“Аябай эле узак болгондой болду”

Газиантеп шаарында дарыгер болуп иштеп, билим алып жүргөн Акжол Жусупов жер титирөөдөн кийин чочулап, үй-бүлөсү менен ар кайсы жерде баш калкалап жүргөнүн айтты.

"Биз жер титиреген учурда үйдө болчубуз. Аябай эле узак болгондой болду. Алгач эшикке чыгып кетип, саат 10го чейин сыртта жүрдүк. Үйгө киргенден кийин кайра кайталанды, ошондон кийин үйдөн чыгып кеттик. Чогулуштар өтчү конгресстин имаратында, кийин бир таанышыбыздын үйүнө барып кондук. Газиантепте эски жана жаңы имараттар бар. Эскилерине 40жылдай болуп калган. Мен жолдо келатып кулап калган имараттарды көргөн жокмун. Чоң дүкөндөр жабылып калган, кичинелеринде эң керектүү нан сыяктуу азыктар калбай калды. Адамдар эмне колго тийсе алып жатышат. Кээ бирөөлөр машиналарында, бир бөлүгү биз барган жерге барышыптыр (Конгресс имараты - ред.). Мектептерди, чоң бекем имараттарды ушундай убактылуу кабыл ала турган жай кылып коюптур. Мен үй-бүлөмдү ооруканага алып келдим, азыр ошол жердебиз. Кайрылгандар көбөйүп, ооруканага чакыртышкан. Жер титирөөдөн кийин кайрылгандарды УЗИ кылып, текшерип жатабыз", - деди Жусупов.

Кыргызстандык Рада Токоеванын кызы Жаңыл Токоева учурда зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштейт. Зилзала болгон күнү Рада айым кызы менен бир нече саат байланыша албай, санаага түшкөн. Тийиштүү мекемелерден жардам сураган. Кийин кызы байланышка чыгып, аман-эсен экенин, көпчүлүк көргөн күндү көрүп жатканын билдирген. Ал жер титирөө кандай башталганын жана азырынча Түркиядагы элчилик, консулдуктардан жардам келе электигин айткан.

"Өзүм деле жаңылыктарды окубай кийин билдим. Чалсам жооп бербей жатты. Саат бештерде башка номерден чалып, "мен тирүүмүн, байланыш начар болуп жатат, кыжалат болбогула" деди. Кызым жарым жылдан бери мышык багып жүргөн. Кызымдын айтымында, саат үчтөрдө мышыгы аябай тыбырчылай баштаптыр. Сылап-сыйпаса дагы болбой, ыйлаптыр. Ошондо капчыгын, курткасын алып эле чуркап чыгыптыр. Кызым 4-кабатта турчу. Подъездегилерге кыйкырып, эшигин каккылап чыгыптыр. Анын артынан дагы чуркап чыгышыптыр. Ал жашаган үйдүн жарымы урап түшүптүр. Жанындагы чоң үйлөр дагы кулаптыр. Ал шаардагы үйлөрдүн көбү урап калганын, жолдор жарака кетип жардам аларга жетпей жатканын, өзү тааныган достору каза болуп калганын айтты", - деди Токоева кызы тууралуу.

"Аданада эки чоң көчөдө үйлөр жараксыз"

Адана, Түркия. 7-февраль, 2023-жыл.
Адана, Түркия. 7-февраль, 2023-жыл.

Аданада иштеген дагы бир мекендешибиз Салтанат Төлөкова зилзаладан кийин Османие шаарында көчөдө калган Кыргызстандын эки жаранын алып келген. Анын айтымында, Османие шаарында кыйроолор көп. Ал эми Адананын эки чоң көчөсүндөгү 9-10-14 кабаттуу үйлөр урап түшкөнүн "Азаттык" менен маегинде билдирди.

"Аданада мен жашаган райондо көп кабаттуу үйлөрдүн арасында жалгыз эле үч кабаттуу үй бар. Биз үйдөн чыккан жокпуз, тынч эле болду. Жер титирегенден кийин Осаманиеден эки кыз чалды, жаан нөшөрлөп жаап жаткан. Жамгырда калдык дешти. Таксиге бензин куюп, ал жакка барып алып келдим. Осмоние бүтүп эле калыптыр. Аданага келип 12-кабатта бир кыргыз эже иштейт, "чай ичкиле, үшүдүңөр" деп чакырган. Ал жакка чыкканда экинчи жолу жер силкинди. Кыздар нес болуп калышты. Кандай түшкөнүбүздү билбейбиз. Кийин алап көп кабаттуу үйлөргө жакындабай коюшту. Аданада эки чоң көчөдө үйлөр киргенге жараксыз абалда. Жаңы салынган үйлөрдөн жарака кеткен", - деди Төлөкова.

20:22 7.2.2023

Түркияда зилзалада кыйраган имараттардын урандыларынын астынан 7840 адам куткарылды.

Бул тууралуу Чукул кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Юнус Сезар билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, 6-февралдагы жер силкинүүдө набыт болгондор 3381ге жетти. Дагы 20 миң 400дөн ашуун адам жабыркады.

Зилзалада Сирияда бери дегенде 1400 кишинин өмүрүн кыйылып, 3500ү жараат алганын Reuters Башар Асаддын өкмөтүнүн маалыматтарына таянып билдирди.

Эки өлкөдө набыт болгондор 5 миңден ашты. Миңдеген үй-жай кыйрап, бир канча шаарда издөө-куткаруу иштери уланууда.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймактарда таңга жуук күчү 7,8 балл, түш оой 7,5 балл силкинүү болгон.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирди.

Миңдеген киши үй-жайсыз калган алааматтан кийинки куткаруу, тазалоо иштерине ондогон мамлекеттер көмөк сунуштады. Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG