Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

14:04 7.2.2023

"Анадолу" маалымат агенттиги Түркияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 3381ге жеткенин, дагы 20 миңден ашык адам жараат алганын жазды. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат, мындан улам мерт болгондор дагы көбөйүшү ыктымал.

Коңшу мамлекет Сирияда 1,5 миңдей киши набыт болуп, дагы жүздөгөн тургун жабыркаганы кабарланууда. Мындан улам Түркия менен Сирияда набыт болгондордун саны беш миңге чамалады.

14:28 7.2.2023

Түркия: Вандык кыргыздар 30 боз үй жөнөттү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир жума аза күтүү жарыялады. Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 3380ден ашып, 20 миңге чукул адам жараат алды. 3 миңдей имарат, турак жай кыйрап, урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери уланууда.

Мерт болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал экени айтылды.

Эл аралык медиа НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

"Азаттык" Диярбакыр провинциясындагы Аида Бикирова Гөк менен байланышканда, ал кошуналары менен мечиттин бир бөлмөсүндө таң атырганын, жанында эки баласы бар экенин айтып берди.

"Түнү менен жер силкинди дешти. Биз эки жолу катуу титирегенин гана сездик. Бир бөлмөдө аялдарыбыз, балдарыбыз менен баш калкалап турабыз. Ушуга дагы шүгүр, тышта үйү жок үшүгөндөр бар деп атышат".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок экенин кабарлады. Адана шаарында кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык экени, ооруканадан чыкканы маалымдалды.

Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.

Анталияда түптөлгөн "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева зилзалада үй жайсыз калган 50 кыргызстандыкка мекендештери батирлерин даярдап койгонун "Азаттыка" билдирди.

Алардын бири Алания шаарында жашаган Флюра Сардалбекова жардамга муктаж мекендештерине дайыма эшиги ачык экенин айтты. "Канча киши келсе да эшик ачык. Колдон келген бардык жардамды көрсөтүүгө даярбыз".

Вандык кыргыз Канатбек Айтач өзү жасаган 30 боз үйдү жер титиреген аймактарга алып баратканын "Азаттыкка" билдирди.

"Мен өзүм Муш шаарында турам. Жер титирөө болгон аймактарга 30 боз үй алып баратабыз. Учурда губернатор менен сүйлөшүп атабыз. Жардам беребиз дешти. Бир туугандар суукта жатканда биздин жылуу жерде жатканыбыз болбойт. Боз үй тиккенге жардам берген жигиттерди уюштуруп атам".

Түркиянын Сирия менен чектеш 10 аймагында 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанды.

15:50 7.2.2023

Түркиядагы жер титирөөдө Өзбекстандын жараны каза болду

Түркиянын Малатия аймагында зилзалада бир өзбек жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы төрт өзбекстандык дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Өзбекстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга куткаруучуларын жөнөткөн. Алар 10 миңден ашуун этникалык өзбек жашаган Хатай облусунун Овакент айылында издөө-куткаруу иштерине киришти.

Кахраманмараш шаарында эл аралык мелдешке катышып жаткан өзбекстандык спортчулар жер титирөөнүн очогунан чыгарылып, Анкарага жеткирилди.

15:51 7.2.2023

Бишкектеги түрк элчилиги гумжардамды кабыл ала баштады

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун билдирди. Анда үй-жайсыз калгандарга керектүү, суукка ыңгайлуу кийим-кечелер жана чатыр, жууркан-төшөк, керебет өңдүү буюм-тайымдар жаңы болуп, жылтырык баштыктарга салынышы керектиги белгиленген. Андан сырткары көп убакытка сакталчу тамак-аштар дагы кабыл алынары жазылган.

Ошондой эле акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсептерин көрсөттү.

Буга чейин социалдык тармактарга Түркияда катуу жер титирөөдө жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп жаткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG