Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:21
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

10:48 7.2.2023

Эл аралык медиа НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү. Кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу жана Бишкектеги түрк элчилигине барып тилектештик билдирүүдө.

11:21 7.2.2023
Түркия менен Сирияга алаамат салган зилзала
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

11:46 7.2.2023

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Бишкек убактысы боюнча саат 10.00го карата маалыматына ылайык, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок. Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. ТИМ учурда ал жарандын абалы канааттандырарлык экенин, ооруканадан чыкканын маалымдады.

Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.

13:31 7.2.2023

Руслан Казакбаев: зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жер титирөөгө байланыштуу соңку кырдаал тууралуу "Азаттыкка" учкай маек берди. Анын маалымдашынча, зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар. Учурда алар менен байланышып, жардам берүүгө аракет көрүлүп жатат. Элчинин айтымында, айрым аймактарда жашагандар менен байланышуу кыйын болууда.

Казакбаев учурда Кыргызстанда Түркияга жардам жеткирүү маселеси чечилип жатканын кошумчалады. Расмий Бишкек 6-февралда 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бишкек убактысы боюнча саат 10.00го карата Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирген. Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болгон жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. ТИМ учурда ал жарандын абалы канааттандырарлык экенин, ооруканадан чыкканын маалымдады.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG