Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

2-февралдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 2-февралда Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетет.

2-февралдан 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ автожолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы керек.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9.

Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

XS
SM
MD
LG