Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Кылмышы анча оор эместерди абактан бошотуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда түрмөдө отургандардын өкүмүн кайра карап чыгып, эгер күнөөсү анча оор эмес болсо камактан бошотуу сунушталууда. Бүгүн 26-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Жеңишбек Токторбаев камактагылардын көбү “күчүндө, иштей турган курактагы” 45-50 жашка чейинкилер экенин белгилеп, алар мурдагыдай жумуш менен камсыз кылынбаганын белгиледи:

“Союз мезгилинде ар бир түрмөнүн ичинде чакан заводдор жана цехтер бар эле. Азыр эч нерсе жок. Өкмөттөн аларды каржылоого 1 миллиард сом кетет экен. Ал жерде жалаң оор кылмышка шектүүлөр отурган жок. Сот өкүмдөрүн дагы бир сыйра карап чыгып, эгер жеңил кылмыш менен кармалгандар болсо пробацияга же эркиндикке чыгарбайлыбы. Жаза аткаруу кызматынын жетекчисин чакырып, ушул ишти көзөмөлдөп койсок деген сунушумду айтам”.

Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө сот өкүмү чыккан 6,5 миңден ашуун адам абакта отурат, алардын 223ү аялдар, 12си өспүрүмдөр.

XS
SM
MD
LG