Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:30

Путин майрамдык куттуктоосун аскерлердин жанында айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы жылдык куттуктоосун аскер кийимчен кишилердин алдында туруп жасады. Путин 2022-жыл кыйын жана зарыл чечимдердин кабыл алуучу жыл болгонун белгилеп, “саткындык, коркоктук менен каармандык, эрдикти так көрсөттү” деди.

Путин орус армиясынын Украинага кол салганын тагдыр чечүүчү жана бурулуш деп атады. Ал Орусия аннексиялап алган Украинанын төрт облусун “тарыхый орусиялык аймак болгон” деди.

Орусия президенти “атайын операция” деп атаган Украинадагы согушта жүргөн аскерлерди өзүнчө куттуктап, артында тургандар анын катышуучусу экенин айтты. Сибирь.Реалии сайты Путиндин артында тургандардын бири 2017-жылы январь айында Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамда президент менен түшкөн сүрөттөгү аял экенин жазды.

Путин кайрылуусун “бир гана алга, жеңиш” деген сөздөр менен аяктады. Видео кайрылуусунда эч кандай жаңы жылдык атрибут болгон жок. Буга чейин Путин жаңы жылдык кайрылууларын Кремлдин фонунда жасачу. Басма сөз катчысы Дмитрий Песков кайрылуу Түштүк аскер округунда тартылганын, президент ал жерге ишемби эртең менен барганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG