Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Бишкекте майрам күнү коомдук транспорт түнкү саат бирге чейин иштейт


Бишкектеги автобустардын бири. Декабрь, 2022-жыл.
Бишкектеги автобустардын бири. Декабрь, 2022-жыл.

Бишкекте 31-декабрда коомдук транспорт түнкү саат 01:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Автобус жана троллейбустар 1-январь, майрам күнү атайын түзүлгөн жадыбал боюнча эртең мененки саат 8:00дөн баштап каттамга чыгышат.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы башкалаадагы автобекеттерди кыдырып, шаар аралык каттамдагы маршруттук жана жеке таксилерди текшерип жатканын кабарлаган.

Айрым айдоочулар жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алгандыктан, аларга эскертүү берүү менен баа мурдагы тарифке түшүрүлгөнү айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG