Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Нарын: Облустук милиция жетекчиси баштаган 22 кызматкер жазаланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Кочкор районунда милиция кызматкерлери аралашкан деген окуяга байланыштуу жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу бүгүн 27-декабрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 9у ээлеген кызматынын алынды, үчөө милиция катарынан бошотулду, калгандары түрдүү тартип жазасына тартылышты.

Кызматтан алынгандар – Нарын облустук милициясынын башчысы Алмазбек Жумабеков, облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы А.Үсөналиев, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча башчысы А.Билдебаев, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү Э.Токтосун уулу, ыкчам өкүлү Б.Асанов, ыкчам өкүлү А.Маратбек уулу, Нарын облустук милициясынын Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү У.Омоков, Кочкор райондук милициясынын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери З.Кожокматов жана нөөмөткөрдүн жардамчысы Ч.Иманалиев.

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаганын, анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган.

УКМКнын билдиришинче, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкордогу кафелердин биринде эсепти төлөөдөн орой баш тартып, анын ээсинен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылган. Эгер айткандары аткарылбаса, имаратты өрттөп кетерин айтып коркутушкан. Атайын кызмат «милиция окуя болгон жерге барганы менен чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүсүн улантууга жол берген» деп эсептейт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кармалган милиция кызматкерлери криминал менен коюн-колтук алышып кеткенин мойнуна алып, облустук милиция башчылары да жоопко тартыларын эскерткен.(RK)

XS
SM
MD
LG