Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

УКМК Сузактын милиция кызматкерлери кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын 27-декабрда кабарлады.

Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун онго жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен "Д.А." аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген.

"Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көргөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпаганы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Аталган РИИБ кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Атайын кызмат милиция кылмышка шектүүлөрдүн айрымдарын кармап, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышканын, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбай, өздөрүнө өткөрүп беришкенин билдирүүдө. Бул тапанча тинтүү учурунда Сузак милициясынын ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн табылган.

УКМК 2022-жылдын 9-декабрында бул топтун беш мүчөсү кармалганын, учурда башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялады.

26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери боюнча комментарий берип, Нарын облустук милиция башчыларынын да жоопкерчилиги караларын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG