Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Ооганстанда "Талибан" өкмөтү студент кыздардын университетке баруусун токтотту


Ооганстанда студент кыздардын университетке баруу мүмкүнчүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Reuters агенттиги талибдердин өкмөтүнүн Билим берүү министрлигинин катына таянуу менен билдирди.

Ооганстанда Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, мамлекеттик жана жеке менчик университеттерине студент кыздардын окуусун тез арада токтотуу тапшырмасы берилди.

Чет элдик өкмөттөр, анын ичинде АКШ талибдердин администрациясын расмий таануудан мурда ооган бийлиги кыз-келиндердин билим алуусуна байланыштуу саясатын өзгөртүшү керектигин билдирди.

“Талибан” бардык оогандыктардын укуктарын, өзгөчө адам укуктарын, аялдардын жана кыздардын негизги эркиндиктерин урматтамайынча эл аралык коомчулуктун мыйзамдуу мүчөсү боло албайт”, - деди АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

20-декабрда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде Кабулдагы бийлик аялдарга басым-кысымды күчөткөнүнө токтолду.

“Орто билим берүүдөн баш тартуу деген эки жылдан кийин университеттерге кыздар тапшырбайт дегенди туюнтат. Мындай чечимди карапайым эл эле эмес, алтургай "Талибандын" жетекчилигинде жактырбагандар бар” – деди атайын өкүл.

Былтыр жайында бийликке келери менен “Талибан” ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанып, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG