Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Министр Шойгу Украинанын аймагындагы орус аскер бөлүктөрүн көрүп келди


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын орус күчтөрү ээлеп турган жерлериндеги аскер бөлүктөрүн көрүп келди. Министр Москва «атайын операция» деп атаган согушка катышып жаткан аскерлер жайгашкан райондорду тик учак менен кыдырып, командирлер менен сүйлөшкөнүн Коргоо министрлиги 18-декабрда жарыялады.

“Аскер мекемесинин жетекчиси атайын операция жүрүп жаткан зонанын алдыңкы тилкесиндеги орусиялык бөлүктөр жайгашкан райондорду айланып учуп карап чыкты”, – деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлигинин Телеграм каналына жарыяланган билдирүүдө. Бирок министр кайсы жерге барганы так айтылган жок.

Шойгу аскердик тик учакта баратканы тартылган кыска видеодо жердеги бош жаткан тилкелерден башка эч нерсе көрүнбөйт.

Министрдин майданга барганы тууралуу кабар президент Владимир Путин өлкөнүн жогорку жетекчилиги, анын ичинде Шойгу менен чогуу Орусиянын Украинадагы аскердик өнөктүгүн талкуулаган жыйындан кийин белгилүү болду.

17-декабрда Путин Украинанын аймагында согушка катышып жаткан аскер күчтөрүнүн бириккен штабына барып, жетекчилер менен жолуккан. Бул жолугушуу кайда өткөнүн Кремль жарыялаган жок. Орус президенти согуш талаасына бара элек.

Согушту иликтеген институт (ISW) Кремль мындай иш-чаралар менен Путинди согуш маалындагы жигердүү лидер катары көрсөтүп, Орусиянын жетекчилигине, айрыкча Коргоо министрлигине айтылып жаткан сынга жооп бергиси келет деп сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG