Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:30

Европарламент "Голодоморду" геноцид деп тааныды


Европарламент 1932-33-жылдардагы жапырт ачарчылык – "Голодоморду" украин элине каршы геноцид деп тааныды. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирди.

Тиешелүү резолюцияны кабыл алууга Европарламенттин 507 депутаты добуш берсе, 12си каршы болду.

Ноябрда Ирландиянын, Молдованын, Германиянын жана Румыниянын парламенттери ушундай резолюцияны жактырган.

АКШ мындай резолюцияны 2018-жылы, Чехия 2022-жылдын апрелинде кабыл алган.

16 жыл илгери Украинанын Жогорку Радасы 1932–33-жылдардагы "Голодоморду" украин элине каршы "геноцид" катары тааныган.

Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы совет бийлигинин катаал саясатынан улам миллиондогон адам ачарчылыктан набыт болушкан. Өкмөт украиналык дыйкандардын түшүмүн жана азык-түлүгүн тартып алып, жамааттык чарбаларга кирүүгө мажбурлаган. Анын кесепетинен 3-7 миллион адам кырылганы айтылып жүрөт.

Украинада жыл сайын ноябрдын төртүнчү ишембисинде ошол кезде жашоо менен кош айтышкандар эскерилет.

Ал эми орусиялыктар мындай ачарчылык Волга боюнда, Казакстанда жана башка советтик аймактарда да орун алгандыгын белгилешет.

Казакстандагы ачарчылыктын айынан жүз миңдеген казактар Кытайга, Кыргызстанга, Ирандын чыгышына чейин качууга мажбур болушкан. Кыргыз АССРинин бийлиги жана калкы бозгун казактарга кайрымдуулук кылганы маалым.

Борбор Азия өлкөлөрүндө КГБнын ушул кайгылуу доор тууралуу мурдатан жашырылып келген маалыматтары дагы эле толук ачыкка чыга элек.

XS
SM
MD
LG