Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Украинада Януковичтин бардык мүлкү конфискацияланды


Украинада мурдагы президент Виктор Януковичтин бардык мүлкү конфискацияланды. Коррупцияга каршы жогорку сот Юстиция министрлигинин доо арызын канааттандырып, анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, акчасын мамлекеттин пайдасына өткөрдү.

Расмий билдирүүгө ылайык, Януковичтин Киевге жакын жердеги Межигорье резиденциясы, Сухолучьедеги мейманкана-ресторан комплекси, Киевдеги батири, банктык эсептериндеги миллион доллардан ашык акча, компаниялардагы акциялары жана жалпы баасы 18,7 миллион еврого барабар 537 маданий баалуулугу бар буюмдары алынды.

Маданий баалуулуктарга китептер, иконалар, сүрөттөр, антиквар эмеректер, сааттар, вазалар, кылычтар, курал-жарактар жана 19-кылымга таандык замбиректер кирет.

Янукович 2010-2014-жылдары Украинанын президенти болгон. 2014-жылы оппозициялык нааразылык акцияларынан (Майдан) кийин өлкөдөн качып кеткен. Бул Крымдын Орусия аннексиялап алышына жана Донбасста жаңжалдын башталышына түрткү болгон.

Украинада Янукович мамлекетке чыккынчылык жана башка кылмыштар үчүн айыпталууда. Сыртынан 13 жылга эркинен ажыратылган, Орусияда башкалкалап жүргөн Янукович көптөн бери эл алдына чыга элек.

XS
SM
MD
LG