Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10.
Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.