Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын бөгөт чарасын кароо уланууда


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 13-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчылар менен активисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу маселесин кароо уланууда. Саат 13:00гө карата соттун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров дагы эки айга камакта калтырылды.

Буга чейин ушул эле сотто 23-февралга чейин камакта парламенттин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров, 20-февралга чейин мурдагы депутат Орозайым Нарматова, активист Илгиз Шаменов, активисттер Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов калтырылган болчу.

Дагы бир нече адамдын бөгөт чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу маселеси каралашы керек. Алар – Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана укук коргоочу Рита Карасартова.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG