Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Сасык тумоо бир апта ичинде 1,5 эсе көбөйдү


Бейтапкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Бейтапкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку апта ичинде сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн 13-декабрда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

5-11-декабрь аралыгында сасык тумоо менен 14 миң бейтап катталган, ага чейинки аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар.

Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса караларын 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG