Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:43

АКШ Мамкатчысы кыргыз-өзбек чек ара келишимин кубаттады


Владимир Норов менен Энтони Блинкен
Владимир Норов менен Энтони Блинкен

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-декабрда Вашингтондо Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашылган келишимди кубаттай турганын айтты.

"Мен дайымкыдай эле Америка Кошмо Штаттары Өзбекстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоодо туруктуу экенин белгилейм. Өзбекстандын Кыргызстан менен чек арасын демаркациялоосун кубаттайм. Бул - чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечсе болот деген күчтүү ишарат",- деди Блинкен.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов баштаган делегация АКШда 12-декабрдан 14-декабрга чейин болот.

Расмий Ташкент билдиргендей, өзбек делегациясы Вашингтондо Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк диалогунун экинчи жыйынына катышат.

29-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу корлорун биргелешип башкаруу” келишимин ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул документтерге 30-ноябрда кол койгон.

Бул келишимге каршы чыккан 30га жакын кыргызстандык активисттер менен саясатчылар “жапырт баш аламандык уюштурууга аракет кылган” деген айып менен камакка алынган. Камалгандар муну “саясий куугунтук” деп баалап жатышат.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстан менен түзүлгөн келишим боюнча “кутумчулар жалган маалымат таратып жатат” деп билдирген. Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар Бишкекти камактагыларды бошотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG