Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Бишкекте бир жашка чейинки сегиз миңдей бала сасык тумоого чалдыкты


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Бишкек шаарында дем алуу органдарынын вирусу жайылууда. Курч респиратордук вирус же сасык тумоо айрыкча 14 жашка чыга элек балдар арасында көп катталып жатат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады.

Быйыл 78 565 адам сасык тумоо менен катталса, алардын 48 287си 14 жашка чыга элек балдар, 7964ү бир жашка чыга элек ымыркайлар болгон. Оору күчөгөндөн бери бейтапканалар дем алышсыз иштеп, Бишкек жана Чүй облусундагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн башка аймактарындагы ооруканаларга да зарыл болгон шартта балдар үчүн орундарды ачып, аларды үзгултүксүз кароону сунуштап жатат. Бишкек шаарындагы республикалык инфекциялык ооруканага күнүнө кеминде 300дөй адам кайрылууда.

Санэпидем көзөмөл кызматы Бишкек шаарынын тургундарына беткап кийип, колду тез-тез жуугула деп эскертүүдө. Коронавирус боюнча Кыргызстандын бардык аймактары азыр жашыл зонада турат. 5-11-декабрда он кишиден COVID-19 табылып, экөө ооруканага жаткырылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG