Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:16

Кемпир-Абад иши: Бузурманкулов менен Али Шабдандын камактагы мөөнөтү узарды


Айбек Бузурманкулов Бишкек шаардык сотунда. 9-ноябрь, 2022-жыл.
Айбек Бузурманкулов Бишкек шаардык сотунда. 9-ноябрь, 2022-жыл.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Али Шабдан жана Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү райондук сот активисттер Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов), Чыңгыз Капаровдун, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин, журналист Айданбек Акматовдун камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 20-февралына чейин узарткан.

Ушул эле иш боюнча Нурлан Асанбеков 20-февралга чейин үй камагында калган.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматованын мөөнөтү 20-февралга чейин узарган.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG