Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кең чөйрөдөгү жыйыны өтүп жатат


Мунун алдында аталган кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн.
Мунун алдында аталган кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн.

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кең чөйрөдөгү жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баштаган өкүлдөр катышууда. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул жыйынга байкоочу мамлекеттин өкүлү катары катышып жатат.

Президент Садыр Жапаров анда сөз сүйлөп, Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жалпы аракети менен ушул жылы жазында азык-түлүк каатчылыгынын алдын алышканын билдирди.

"Жалпы каржылык туруктуулук камсыздоодогу маанилүү кадамдын бири - өз ара соода-сатыкта улуттук валюта менен эсептешүүнүн көбөйтүү чарасы болуп калды. Кыргызстандын аталган уюмга мүчө өлкөлөр менен соода-сатыгы үч кварталдын ичинде 30%, ал эми экспорту 40% көбөйдү",- деди Жапаров.

Мунун алдында аталган кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Эмдиги жылдан тартып төрагалык Орусияга өтөт.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG