Өзгөчө чет жакта миграцияда жүрүп келген кыргызстандыктардын арасында ВИЧке чалдыккандар көп. Адистер вирустан коргонуунун бирден бир эффективдүү жолу катары – гигиенаны сактоо, туш келди жыныстык катнаштан алыс болуу жана чач кестирип, маникюр жасатууда инструменттерди спирт менен тазалатууну талап кылуу керектигин эскертүүдө. Азыр өлкө боюнча 12039 адам ВИЧ/СПИД статусу менен жашайт. Алардын 695и чет элдик жарандар.