Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Баку Армения менен сүйлөшүүлөргө Макрон катышпашы керектигин билдирди


Илхам Алиев, Чарльз Мишель жана Никол Пашинян.
Илхам Алиев, Чарльз Мишель жана Никол Пашинян.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев келерки айда Брюсселде пландалган Армениянын премьер-министри Никол Пашиньян менен тынчтык сүйлөшүүлөргө Франциянын президенти Эммануэл Макрон катышса, жолугушууга барбай турганын билдирди. Азербайжан Францияны эки өлкөнүн Тоолуу Карабак боюнча ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжалында Арменияны колдоп келет деп айыптоодо.

Алиев бул тууралуу 25-ноябрда Бакудагы эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирип, буга Армениянын лидери сүйлөшүүгө Макрондун катышуусун талап кылып жатканы себеп экенин айтты.

"Бул жолугушуу болбойт дегенди билдирет", - деген Алиев Пашинянды “тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу” аракети үчүн айыптады.

Өткөн айда француз лидери Макрон менен Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Прагада Алиев менен Пашиняндын жолугушуусуна катышкан.

Жума күнү Армениянын Тышкы иштер министрлиги Брюсселдеги жолугушуу “ошол эле форматта” өтүшү керек деп билдирген.

Украинага басып киргенден кийин Москва дүйнөлүк аренада обочолонуп жаткандыктан, Армения-Азербайжан тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук кылууда Евробиримдик менен АКШ башкы ролду ойноп жатат.

Жума күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Армения менен Азербайжандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү ишин улантып жатканын ырастады.

Армения менен Азербайжан Азербайжандын армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1990-жылдары жана 2020-жылы согушкан.

2020-жылы алты жумага созулган согуш эки тараптан тең 6500дөн ашуун аскердин өмүрүн алып, Орусиянын ортомчулугунун натыйжасында ок атышпоо менен аяктаган.

Эки өлкө жакында эле Евробиримдик менен АКШнын ортомчулугу менен тынчтык келишиминин үстүндө иштей баштады.

Өткөн айда Алиев Макрондун "Азербайжан көптөгөн өлүмдөр жана ырайымсыз көрүнүштөр менен коркунучтуу согуш баштады" деген комментарийин "кабыл алынгыс жана бир жактуу" деп айыптаган.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Баку “Франциянын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ортомчулук ролун кайра карап чыгууга аргасыз болгонун” билдирген.

Алиев менен Пашинян быйыл Брюсселде жана Орусиянын түштүгүндөгү Сочи шаарында бир нече жолу жолугушкан.

1991-жылы СССР ураганда Тоолуу Карабактагы этникалык армян сепаратисттери Азербайжандан бөлүнүп кетишкен. Андан кийинки жаңжал 30 миңге жакын адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG