Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Алиев Брюсселде Пашинян менен жолукпай турганын айтты


Пашинян жана Алиев.
Пашинян жана Алиев.

Армения менен Азербайжандын лидерлеринин 7-декабрда Брюсселде пландалган жолугушуусу өтпөй турганын Азербайжандын президенти Илхам Алиев билдирди.

Анын айтымында, президенттин жардамчысы Хикмет Гажиевге Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин кеңсеси байланышка чыккан жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Франциянын президенти Макрондун катышуусунда жолугушууга макул экенин айтканын билдирген.

"Демек, бул жолугушуу болбойт", - деген Алиев Франция тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпашы керектигин белгиледи. Ал Макрон буга чейинки интервьюсунда Азербайжанды сындаганын айтып, француз бийлигинде Азербайжанга каршы маанай бар экенин кошумчалады.

Ал эми Армения 7-декабрдагы жолугушууга даяр экенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Вахан Хунанян билдирди.

Алиев Брюсселге белгиленген жолугушууга катышууну Макронго сунуштоо менен Пашинян "тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканын" белгилеген. Расмий Ереван муну чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Карабакка байланыштуу мамилеси муздаган Азербайжан менен Армениянын лидерлери 31-октябрда Сочида Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортомчулугу менен жолугушкан. Бирок андан он күн өтүп Баку менен Ереван кайра бири бирин кескин айыптап чыгышкан.

Соңку күндөрү эки өлкөнүн чек арасында кайрадан атышуулар болуп жатканы кабарланууда. Армениянын Коргоо министрлиги 24-ноябрдын кечинде чек аранын чыгыш тарабында Азербайжандын куралдуу күчтөрү ок атканын билдирди. Баку муну четке какты.

XS
SM
MD
LG