Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Мэрия: кийинки жылы Бишкектин борбору кичи автобустардан арылат


Бишкекте транспорт тартыштыгы өзгөчө окуу башталганда сезилет.
Бишкекте транспорт тартыштыгы өзгөчө окуу башталганда сезилет.

Бишкек шаарынын борборунда эмдиги жылдан баштап кичи автобустар каттабайт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев 22-ноябрда басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, жыл жаңырганга чейин Кытайдан газ менен жүргөн, арабачан майып жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырылган 120 автобус алып келинет.

Мындан улам Бишкектеги 60тай кичи автобустун каттамы өзгөрүп, шаардын жака-белинде буга чейин коомдук транспорт каттабаган конуштарда жаңы каттамдар ачылат.

"Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу көп жүргүнчү баткан дагы 250 автобус сатып алуу пландаштырылып жатат. Анын ичинен 124 автобус сатып алууга жарыяланган тендер өттү, келишимге кол коюлду. Автобустар 2023-жылдын биринчи жарымында алынып келет",-деди Нусувалиев.

Ал ошондой эле 2023-жылы Азия өнүктүрүү банкы аркылуу дагы 120 электробус алуу каралып жатканын кошумчалады.

Бишкекте транспорт тартыштыгы өзгөчө окуу башталганда сезилет. Шаардагы мектептерде расмий эсеп боюнча 137 424төн ашык окуучу бар. Алардын көбү жашаган жерлерден алыс жайгашкан мектептерге барышат жана дайыма тыгында жүрүүгө аргасыз.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемен алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

XS
SM
MD
LG