Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

Кыргыз бийлигинин бейөкмөт уюмдар боюнча сунушу сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Коммерциялык эмес укук боюнча эл аралык борбор” (ICNL) уюму эгер Кыргызстан бийликтин бейөкмөт уюмдар тууралуу сунуштап жаткан мыйзамын кабыл алса өлкө адам укуктарын кепилдеген бир катар эл аралык нормаларды бузган болот деп эсептейт. Мындай пикирин уюм аталган мыйзам долбоору боюнча даярдаган атайын анализинде келтирди.

Эл аралык уюм бул мыйзам коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн демократиялык өлкө шартында жөнгө салуучу стандарттарга каршы келерин, андыктан, Кыргызстандын эл аралык саясий жана экономикалык рейтингдердеги баасын төмөндөтөрүн, ал рейтингдерге адатта инвесторлор таянып, өлкө менен иштешүү же иштешпөө тууралуу бүтүмүн чыгарарын эскертти.

Ошону менен катар уюм бул мыйзам кабыл алынса келечекте Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууларга жол ачыларын белгиледи.

2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан. Бейөкмөт уюм катары көптөгөн жылдан бери укугу бузулган кыргызстандыктарга жардамын берип келаткан «Бир Дүйнө Кыргызстан» кыймылы жана ”Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” түйүнү билдирүү таратып, президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама каршы келерин белгилеген. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG