Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Зеленский бошотулган Херсондогу инфраструктуранын кыйрашына Орусияны айыптады


Владимир Зеленский ТВ аркылуу кайрылуу жасап жаткан кези. Киев. 14-ноябрь, 2022-жыл.
Владимир Зеленский ТВ аркылуу кайрылуу жасап жаткан кези. Киев. 14-ноябрь, 2022-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский орус аскерлери чегинип кеткен Херсондогу “бардык маанилүү инфраструктура” талкаланганын билдирди. Ал Херсондо электр жарыгы, байланыш жана телекөрсөтүү орус аскерлери тарабынан атайылап жок кылынганын айтты.

Зеленский 14-ноябрда бошотулган Херсонду кыдырып чыккандан кийин түнкү видео кайрылуусунда "Орусиянын желеги бул – толук кыйратуу дегенди билдирет", - деди.

14-ноябрда Украинанын улуттук энергетикалык компаниясы "Укрэнергонун" жетекчиси Орусия Херсон облусунун бүтүндөй оң жээгин жана Николаев облусунун маанилүү бөлүгүн камсыздаган негизги энергетикалык инфраструктураны талкалаганын билдирген.

"Бошотулган Херсон облусунун көпчүлүк бөлүгү 6-ноябрдан бери электр жарыгысыз калды", - деди компаниянын башчысы Владимир Кудрицкий.

Өткөн дем алыш күндөрү Херсондун бошотулушу - Украинанын орус баскынчылыгы башталгандан бери дээрлик тогуз ай ичиндеги эң чоң ийгиликтеринин бири болду.

Зеленский Херсонго иш сапары учурунда шаардын бошотулушун “согуштун бүтүшүнүн башталышы” деп айткан.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган.

XS
SM
MD
LG