Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:01

Бишкек милициясы бейбаштык кылган чет элдиктер кармалганын билдирди


Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы бейбаштык кылган чет элдиктер кармалганын билдирди. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, пакистандык жаран 11-ноябрда "Жеңиш" аянтында өзүнүн эки мекендеши жана башка белгисиз адамдар коомдук коопсуздукту бузуп, денесине залал келтиргенин айтып арыз менен кайрылган.

Факт милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Шектүүлөр кармалып, милициянын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Маалыматка ылайык, мушташка катышкан башка адамдар дагы кармалган.

Мунун алдында чет элдик жарандардын тобу Бишкектеги "Жеңиш" аянтында мушташып жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG