Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Токаев: Казакстан бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн колдойт


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстан бардык көз карандысыз өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө колдойт. Бул тууралуу Самаркандда өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде казак президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Ал бардык өлкөлөр БУУнун уставын кынтыксыз аткарышы керектигин белгилеп, башка өлкөлөрдү да ушул аракетти колдоого чакырды.

“Бул биздин өлкөнүн негизги кызыкчылыгына толугу менен дал келген керектүү принцип. Буга байланыштуу дал ушул принципке өзгөчө көңүл бурабыз”, - деди.

Токаевдин бул билдирүүсү Орусия Украинанын төрт аймагын аннекциялаган учуруна туш келди.

Саммиттин жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орус-украин согушуна токтолуп, расмий Анкара тогуз айдан бери уланып жаткан жаңжалды токтотуу үчүн бардык аракетти көрүп жатканын билдирди.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG