Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Бишкекте эки мектеп онлайн окутууга өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы №65 орто мектептин окуучулары онлайн окутууга өткөнүн ата-энелери социалдык тармактарга жазышты. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясы ырастап, буга мектептеги жылытуучу түтүктүн жарылуусу себеп болгонун билдирди. Ага ылайык, ушундай эле жүйө менен №39 мектеп да аралыктан окутууга өттү.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бул эки мектепте жылуулук түтүктөрүн оңдоо үчүн тендер жарыяланганын маалымдады. Ага ылайык, жеңүүчү аныкталып, оңдоо иштери аягына чыкканга чейин окуу онлайн жүргүзүлөт.

Мэриянын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда жылуулук түтүгү иштен чыккандыктан, №173, №75 бала бакчаларга да жылуулук берилбей, иши токтоп турат. Учурда оңдоо иштери жүрүүдө.

Соңку күндөрү аба-ырайы кескин төмөндөп, жылуулукка суроо-талап күч алганын, мындан электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүү мүмкүн болбой жатканын Улуттук энергохолдинг ишканасы маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG