Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Куткаруучулар жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Куткаруучулар Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен секирүүгө аракет кылган жарандын өмүрүн сактап калышты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 10-ноябрда 32 жаштагы кишинин өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Беш куткаруучу барып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана үйдүн чатырынан түшүрүп, өмүрүн сактап калышкан. Терезеден секирүүгө аракет кылган жаран эч кандай жараат алган эмес. Окуянын чоо-жайы айтылган жок.


Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан кийин Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG