Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

14:52 17.11.2022
Максим Горький атындагы гүлбакта өтүп жаткан нааразылык акция. 17-ноябрь, 2022-жыл.
Максим Горький атындагы гүлбакта өтүп жаткан нааразылык акция. 17-ноябрь, 2022-жыл.

17-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акция өтүп жатат. Жыйырма чакты киши Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.

Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат.

12:46 17.11.2022

17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) камакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Илгиз Сарылдык уулунун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны канааттандырган жок.

Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен.

12:24 17.11.2022

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Өзбекстандын чек арасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун ратификациядан өткөрүү маселесинде жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы 17-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган. Тагдыр чече турган маселеде “мен ооруп жатам” деп же иш сапарга кетип калган туура эмес. Бул эл ишенимине жоопкерчиликсиз мамиле. Эч коркпоңуздар. Биз туура жолдо кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алуудабыз”.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырды.

12:13 17.11.2022

Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында бүгүн 17-ноябрда ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетишине каршы экенин билдирип чыгышты. Алар президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, Өзбекстан менен бирге даярдалып жаткан макулдашууну колдобоого чакырышты.

Ошону менен катар алар Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынган активисттерди жана саясатчыларды бошотууга үндөштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG