Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө ишканасы уруксат берилбеген жарнамаларга рейд жасады.
Биринчи май районунда Киев көчөсүндөгү 37 жарнама, ошондой эле, 51 баннер алынды. Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрү тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама сыйрылды. Ленин районунда Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүнөн 160 мыйзамсыз жарнактар тазаланды. Октябрь районунда жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалды.