Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Киевдин мэри шаар жарыксыз калышы мүмкүн экенин эскертти


Киевдин мэри  Виталий Кличко.
Киевдин мэри  Виталий Кличко.

Киевдин бийлиги орус армиясынын жапырт соккусунун айынан баш калаа жарыксыз калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко 5-ноябрда өткөн улуттук телемарафондун эфиринде айтты.

“Биз азыр колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Ачыгын айтсам, душман шаарыбызды жылуулуксуз, жарыксыз жана суусуз калтырып, баарыбызды кырып салгысы келет. Биз мындай кырдаалга даяр болуп, андан чыгуу үчүн ар кандай сценарийлерди караштырып жатабыз” - деди мэр.

Кличко шаардыктарды электр жарыгын болушунча үнөмдөөгө кайрадан үндөдү. Ал тургундарды суу, тамак-аш, жылуу кийим-кече, генераторлорду камдап алууга да чакырды. Баш калаада Рождество жана Жаңы жыл майрамдары адаттагыдай массалык түрдө белгиленбейт.

Мэрдин сөзүнө караганда, ушул тапта Киевде 3 миллиондой киши түнөп жатат. Андан көп киши жакынкы облустардан күндүз келип иштеп кетет. Шаар бийлиги электр энергиясы такыр тартыш болуп калса, киевдиктерди кайсы бир убакка чейин баш калаанын сыртындагы жакындарыныкына барып турууну сунуштайт.

Ошондой эле Киевде келип жылынып алганга 1000ге чукул атайын пункт уюштурулат. Ал эми медициналык жайлар кадимкидей ыргакта ишин улантат.

Украинанын энергетикалык тармагы катуу жабыркагандыктан, өлкө боюнча жарык маал-маалы менен өчүрүлө башталды. "Укрэнерго" мамлекеттик ишканасы күн сайын график жарыялап турат. Ушул тапта мындай режим баш калаа Киевде жана Киев, Чернигов, Черкасы, Житомир, Сумы, Харьков жана Полтава облустарына киргизилди.

31-октябрдагы орус армиясынын жапырт чабуулунда Киевге ракета түшкөн эмес, бирок Киев облусундагы баш калааны суу жана жарык менен камсыз кылган инфраструктуралар катуу жабыркаган.

Орус армиясы Украинанын эң маанилүү инфраструктурасына сокку урууну улантууда. Ушул тапта Украинанын энергетикалык тармагынын 40% катуу жабыркады.

XS
SM
MD
LG