Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылуу Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү суранам. Ден соолугу начар. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес”, - деп жазылат кайрылууда.

Тенгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин октябрь айында жазган катында да билдирген.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Баш-аягы үч кылмыш иши козголгон.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде Тенгиз Бөлтүрүк таза иштеп жатканына ынандырып келгенин айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG