Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

“Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болду


“Абдыш-Ата” футболдук клубунун курамасы.
“Абдыш-Ата” футболдук клубунун курамасы.

Канттын “Абдыш-Ата” футболдук клубу өзүнүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Ушул тапта “Абдыш-Атада” 53 упай бар. Оштун “Алай” командасы 47 упай менен экинчи орунга илинсе, Бишкектин “Алга” клубу 42, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 40 упай топтоду. 24 турдун жыйынтыгы менен “Абдыш-Атанын” эсебинде 16 жеңиш, беш тең чыгуу жана үч жеңилүү бар.

“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы түптөлгөн. 2002-жылы команда Жогорку лигага көтөрүлгөн. 2006-2009-жылдардагы сезондо экинчи орунду алган.

2021-жылы 15 беттешти жеңип, биринчи орундагы клубдан үч упайга артта калган жана турнирдик жадыбалда экинчи орунга илинген. “Абдыш-Атанын” оюнчуларын азыр Арикан Абдурахман машыктырат. (BTo)

XS
SM
MD
LG