Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Журналист Сатыбалдиева эч жакка кетпөө токтомунун негизинде бошотулду


"Опузалап акча талап кылууга" шек саналып кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн "эч жакка кетпөө" тууралуу токтомунун негизинде бошотулду.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, журналист учурда республикалык ооруканада дарыланууда.

3-ноябрда 48 саатка камакка алынган журналист Санрабия Сатыбалдиева Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен 4-ноябрда ооруканага жаткырылган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын саламаттыгына карабай камалышын адамгерчиликсиз кыйноо катары баалады.

ИИМ Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирип, анын саламаттыгы тууралуу маалымат берген эмес.

Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG